• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө киргизилген чектөө узартылды

Коом 0

Бишкек, 05.09.22. /Кабар/. Бишкектин Биринчи май райондук соту калаанын борборунда митинг өткөрүүгө киргизилген чектөөнү 2-декабрга чейин узартты.

Маалыматка ылайык, митингди Ала-Тоо аянтында, Россиянын Кыргызстандагы элчилиги, Жогорку Кеңеш, президенттин администрациясы жана УКМКнын алдында өткөрүүгө тыюу салынат. Бирок аталган жерлерде мамлекеттик жана муниципалдык иш-чараларды өткөрүүгө болот.

Белгилей кетсек, каршылык акция, митингди М.Горький атындагы гүлбакчада өткөрүүгө болот.

Пикир

Оставить комментарий