• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин борборунда туристтер үчүн “Босого” маалымат борбору ачылат

Коом 0

Бишкек, 26.10.22 /Кабар/. Бишкекте туристтер үчүн “Босого” маалымат борбору ачылат. Ал келген коноктор үчүн маалымат алуучу булак болмокчу.

Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун маалыматы боюнча, маалымат борборунун ачылыш аземи 1-ноябрда өтөт. Борбордун дареги: Пушкин көчөсү №75.

“Босого” туристтик борбору туристтер үчүн Кыргызстанда эмне көрүү керек, кайда баруу керек, биздин өлкөдө эмне кылуу керек сыяктуу маалыматты беришет. Мындан тышкары, кантип айланып өтүү жана кайда калуу, кантип каттоодон өтүү, банк картасын алуу, унааны ижарага алуу, сим-карта сатып алуу, жада калса өзүңүздүн компанияңызды ачуу боюнча дагы маалымат берилет”, - деп билдирди фонддон.

Бул жерде түрдүү туристтик агенттиктердин, андан тышкары мамлекеттик органдардын өкүлдөрү иштейт.

Пикир

Оставить комментарий