• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин борборундагы "Ожак Кебап" кафесинин кошумча курулушу буздурулууда

Коом 0

Бишкек, 24.10.23./Кабар/. Бишкектеги Чүй проспектиси 76в дарегинде жайгашкан "Ожак Кебап" кафесинин кеңейтилген кошумча курулушу буздурулууда. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Башкармалыктын кызматкерлери жеринде Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, "Бишкекжарык" жана "Тазалык" муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери менен биргеликте иш алып барууда. Процесстин жүрүшүн мэрдин орун Нурдан Орунтаев текшерүүдө.

"Иштин жүрүшүндө жеңил конструкциялардан жасалган кошумча курулуш бузулуп, 0,02799 га түзгөн муниципалдык аймак бошотулууда", - деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы Свердлов районунун прокуратурасынын буйругу менен Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин 2023-жылдын 8-августундагы комиссиясынын чечими менен ижара келишими бузган.

Буга чейин, 2023-жылдын 22-августунда Башкармалык тарабынан муниципалдык аймакты уруксатсыз орнотуулардан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын колдонуудагы нормаларын бузуу менен курулган же курулуп жаткан имараттардан жана курулуштардан бошотуу жөнүндө билдирүүлөр берилген.

Пикир

Оставить комментарий