• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кызыл-Кыя шаарына 125 жыл: Бала бакча, веложол жана аллея пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 24.10.23. /Кабар/. Бүгүн, 24-октябрда Кызыл-Кыя шаарынын 125 жылдыгына карата бала бакча, веложол жана аллея пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара илимий конференция менен башталып, ага президенттин өкүлү Абдикарим Алимбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Ырысбек Атажанов, шаар мэри Асилбек Жоробаевдер баш болгон жетекчилер, облустун активи жана Кызыл-Кыя шаарын буга чейин жетектеген жетекчилер, тарыхчылар катышты.

Конференцияда шаардын түзүлүү,түптөлүү тарыхы тууралуу докладдар окулуп,шаардын өнүгүүсүнө салым кошкон бир катар инсандарга сыйлыктар тапшырылды.

Мааракенин урматына шаарда бул күнү №1 "Айданек Кызыл-Кыя" мектепке чейинки билим берүү мекемесинин кошумча 50 орундуу имараты пайдаланууга берилди. Курулушка 19 млн сом жумшалган, анын 15 млн сому "САSA-1000" долбоору аркылуу, 5 млн сом жергиликтүү бюджеттен каржыланды.

Андан соң шаардын 1-кичи районунда эс алуучу скверге чек ара окуясында каза болгон жоокер Марат Ташмурзаевдин ысмын ыйгаруу иш-чарасы болду.

Сквердин курулушуна жергиликтүү бюджет эсебинен 1,3 млн сом акча каражаты бɵлүнгөн. Ошондой эле узундугу 2,2 км болгон веложолу пайдаланууга берилди. Жолдун курулушуна жергиликтүү бюджет эсебинен 10 млн сом акча каражаты жумшалган.

Муну менен катар тротуар жана аллеянын ачылышы болду. Курулушка жергиликтүү бюджет эсебинен 4,7 млн сом акча каражаты бөлүнгөн.

Мындан сырткары, шаардын "Тазалык" ишканасына атайын техника тапшырылды. Анын 2 млн сому Баткен облусун өнүктүрүү фондунан, 2 млн сому шаардын бюджетинен бөлүнгөн.

Ал эми Т.Кулатов атындагы борбордук стадионун реконструкциялоо менен катар, эс алуучу бөлүгүнүн курулушу жүргөн, курулуштун 3 млн сомдук бөлүгү ашар жолу менен жасалып, Баткен ɵнүктүрүү фонду аркылуу 2 млн сом, жергиликтүү бюджет эсебинен 2 млн сом акча каражаты кошумчаланган.

Пикир

Оставить комментарий