• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектин делегациясы Кытайдагы таштандыларды утилдештирүү ишканасында болду

Коом 0

Бишкек, 10.01.24. /Кабар/. Бишкек мэриясынын делегациясы Кытайдын Чанша шаарындагы Хунань айлана-чөйрөнү коргоо боюнча «Хунань Цзюнсин» компаниясына барды. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирет.

Маалыматка ылайык, делегациянын курамына Бишкек мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиев, КР президентинин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын эксперти Улан Бакиров, ошондой эле журналисттер тобу кирди.

Делегация «Хунань Цзюнсин» компаниясынын калдыктарынын транспорттук-логистикалык комплексин көрүп, ошондой эле катуу тиричилик калдыктарды утилдештирүү заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

«Хунань Цзюнсин» компаниясы – бул катуу тиричилик таштандыларын утилдештирүү, шаардык саркынды сууларды тазалоо, полигон фильтраттары, күл жана башка таштандылар менен алектенген улуттук жогорку технологиялык ишкана болуп саналат.

Эскерте кетсек, буга чейин Бишкек шаарынын мэриясы жана «Хунань Цзюнсин» компаниясы кызматташтык тууралуу алкактык келишимге кол коюшкан.

Пикир

Оставить комментарий