• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкектин кайсы мектеп жана бала бакчаларында оңдоо иштери жүргүзүлөт? (тизме)

Коом 0

Бишкек, 28.02.20. /Кабар/. Капиталдык оңдоо башкармалыгы шаардын мектептерин жана бала бакчаларын оңдоо иштерин жүргүзүүгө сынак жарыялайт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.

2020-жылдын тизмесинде 54 билим берүү обьекттери – 38 мектеп, 14 бала бакча жана эки балдардын чыгармачылык борбору бар.

Жасала турган иштер:

№1, №4, №22, №23, №34, №38, №42, №46, №47, №49, №52, №55, №57, №62, №78, №81, №83, №85, №87 мектептеринде, №10 кечки мектепте жана №92, №104 балдар бакчаларында санитардык түйүндөрүн оңдоо, №29 жана №81 мектептеринде эшиктеги дааратканалар оңдолот.

Бир катар мектеп жана бала бакчаларда инженердик тармактарын алмаштырып, курулуш жасалгалоо иштери жүргүзүлөт. Алардын тизмеги - №1, №4, №22, №23, №34, №38, №46, №47, №49, №52, №57, №62, №81, №83, №85, №87, №10 кечки мектеби жана №92, №104 бала бакчалары.

№4, №20, №22, №46, №63 мектептеринде, №30 жана №185 бала бакчаларында жылытуу системасы оңдолот, №68 мектепте, №71, №117 бала бакчаларында, Октябрь районунун балдар чыгармачылык борборунда жылуулук трассасы алмаштырылат. №66 мектепте ички суу жабдууларын оңдоо жүргүзүлөт.

8 мектептин жана бала бакчанын чатырларын алмаштыруу пландаштырылууда. Алар №12, №18, №37, №52, №59 мектептери жана №8, №122, №152, №184 бала бакчалары.

Пикир

Оставить комментарий