• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин кичирайондорунда тышкы жарыктандыруу жаңыланууда

Коом 0

Бишкек, 27.02.24. /Кабар/. Бишкектин кичирайондорунда тышкы жарыктандыруу жаңыланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Учкун кичирайонунда 6 даанадан бетон негиздери жана пол чырактары орнотулуп жатат.

Ошондой эле 7-кичирайондо 5 пол чырактар жана темир-бетон таянычтары орнотулду.

Мындан тышкары, Токомбаев көчөсүнүн Куттубаев көчөсүнөн Жетикашкаев көчөсүнө чейинки аралагында жаңы өзүн-өзү тирөөчтүү изоляцияланган зымдар тартылды.

Белгилей кетсек, борбор калаанын бардык аймактарында оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий