• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин коменданты менен бизнес өкүлдөрү жолугушту

Коом 0

Бишкек, 27.03.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев КР Жүк ташуучулар ассоциациясынын төрайымы Гүлнара Ускенбаева жана Ата мекендик өндүрүүчүлөр ассоциациясынын төрагасы Бакыт Дегенбаев жолугушту. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Жолугушууда өзгөчө абал маалында ишкерлердин ишин жеңилдетүү үчүн бизнесмендерге жардам берүү маселеси талкууланган.

"Жолугушууда өндүрүшү шаар турмушуна өзгөчө мааниге ээ болгон ишканалардын толук тизмесин ыкчам түрдө чогултуу зарыл экендиги айтылды. Бишкек шаарынын комендатурасы андай ишканалардын кызматкерлерине уруксат кагазын берүүгө даяр экенин билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий