• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектин Маликов көчөсүндө оңдоо иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 27.07.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын Маликов көчөсүнүн М.Алыбаев көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейинки бөлүгүн оңдоо иштери улантылууда. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Оңдоо иштери «Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун (фаза-2) алкагында Кытай грантынын эсебинен жүргүзүлүүдө.

Долбоор боюнча жолдун узундугу 1,1 чакырым, жүрүүчү бөлүктүн туурасы – 9 метр, тратуардын туурасы – жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн эки тарабында - 1,5 метр, ошондой эле жолдун эки тарабында ирригация орнотуу жүргүзүлөт.

"Аталган көчөнү долбоор боюнча реконструкциялоо линиясынын астында башка объектилер менен катар укук белгилөөчү документтери бар Маликов көчөсү, 53/1 дареги боюнча эки дүкөн бар. Бирок жолдун бекитилген долбоорун өзгөртүүгө мүмкүн эмес, жолдун жүрүүчү бөлүгүндө жол куруу иштери иш жүзүндө 90%га бүткөрүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Мэриядан белгилешкендей, дүкөндөрдү бузуу КР мыйзамдарынын чегинде жүргүзүлөт. Жер тилкелеринин ээлерине компенсация төлөп берүү боюнча эскертүүлөр берилди.

Пикир

Оставить комментарий