• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жыл башынан бери транспорттун бардык түрү менен 4 млн 944,8 миң тонна жүк ташылды

Коом 0

Бишкек, 27.07.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2022-жылдын алты айында транспорттун бардык түрү менен 4 млн 944,8 миң тонна жүк ташылды. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, ушул эле аралыкта автомобиль транспорту менен 88 миң 988 каттам аткарылып, 1 млн 296,4 миң тонна жүк ташылган.

“2022-жылдын 6 айында оперативдүү маалыматтар боюнча, темир жол транспорту менен 3 млн 631,4 миң тонна жүк ташылды. Аба транспорту менен 17 миң тонна жүк ташып өтүлгөн”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий