• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эс алууга чыгууга тыюу салынат. Бишкек мектептеринде акыркы коңгуроо салтанаты өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 09.06.22./Кабар/. Бүгүн, 9-июнда Бишкек шаарынын бардык мектептеринде салтанаттуу линейкалар өтүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, буга байланыштуу калаа мэриясы акыркы коңгуроону майрамдоо үчүн кафе-ресторандарда иш-чараларды өткөрүүгө, ошондой эле сейил бактарда сейилдөөгө, жаратылышка, суу сактагычтарга чыгууга тыюу салынганын эскертет.

"Тартипти аткарбаган учурда жана мүмкүн болгон окуяларда жоопкерчилик чаралары каралат. Салтанаттуу иш-чара аяктагандан кийин бүтүрүүчүлөрдүн өмүрү жана ден соолугу үчүн жоопкерчилик ата-энелерге жүктөлөт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий