• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин окуучулары IV эл аралык олимпиадада байгелүү орундарды алышты

Спорт 0

Бишкек, 09.09.19. /Кабар/. Борбордук мектептердин окуучулары IV эл аралык олимпиадада байгелүү орундарды алышты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Ага ылайык, Бишкектин мектеп окуучулары 32 өлкөнүн 45 шаарынан келген командалар менен күч сынашкан. Балдар математика, информатика, физика жана химия сабактары боюнча өз билимдерин сынап көрүшкөн.

Олимпиаданын жыйынтыгында, №61 жана №9-мектептин окуучулары 5 коло жана 1 күмүш байгени жеңишкен.

Алардын арасында:

Чекирбаев Мирхад – күмүш медаль, №9-мектептин 11-классынын окуучусу;

Кадыров Руслан – коло медаль, №61-мектептин 11-классынын окуучусу;

Кыдыралиев Темирлан - коло медаль, №61-мектептин 11-классынын окуучусу;

Атабеков Даутбек - коло медаль, №61-мектептин 11-классынын окуучусу;

Абдыкеримов Урмат - коло медаль, №61-мектептин 11-классынын окуучусу;

Беляев Владислав - коло медаль, №61-мектептин 11-классынын окуучусу;

Жарыштын жеке жана командалык жеңүүчүлөрүнө кубок, диплом жана медалдар ыйгарылды.

Белгилей кетсек, окуучулар үчүн илимий олимпиада төртүнчү жолу өтүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий