• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык балбандар XIX эл аралык Ысык-Көл оюндарында байгелүү орундарга татыды

Спорт 0

Бишкек, 09.09.19. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун "Каприз" эс алуу жайында XIX эл аралык Ысык-Көл оюндарынын алкагында кум үстүндөгү күрөш боюнча мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Кум үстүндөгү күрөшкө Кыргызстан, Россия жана Өзбекстандан келген 40 спортчу катышты.

70 кг чейинкилер арасында (35 жашка чейин) байгелүү орундарды:

1-орун – Сейтек Доктурбек уулу (Бишкек),

2-орун – Айдин Шамбетов (Бишкек),

3-орун – Адил Канатбеков (Балыкчы), Эмирлан уулу Феликс (Бишкек).

80 кг чейинкилер арасында (35 жашка чейин) байгелүү орундарды:

1-орун – Каныбек Аман уулу (“Манас” эл аралык аэропорту),

2-орун – Бекжан Токтобаев (Бишкек),

3-орун – Намаз Сафаров (Бишкек), Мирбек Молдобаев (Бишкек) алган

Турнирге ошондой эле, 90 кг жана 100 кг чейинки, 100 кг жогорку болгондор арасында да кыргызстандык спортчулар байгелүү орундарга татыды.

Эскерте кетсек, бул жылы XIX эл аралык Ысык-Көл оюндарына 8 өлкөдөн 1434 катышуучу күч сынашууда. Турнир эркектер жана кыздар арасында спорттун 17 түрү боюнча өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий