• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Азия кубогу-2019: Кыргызстан-Индия оюндарынын видео топтому

Спорт 0


Бишкек, 14-июнь /Кабар/. Кыргызстандын улуттук курама командасы Азия кубогу - 2019 оюнундарынын алкагында, Индиянын оюнчуларына 0:1 эсеби менен утулуп беришти. Оюн кечээ, 13-июнда Бангалор шаарында өткөн.

Оюндун 69-мүнөтүндө Индиянын чабуулчусу топ киргизген.

Экинчи оюнда А группасы боюнча Мьянманын улуттук курамасы, Макаону 4:0 эсеби менен утуп алган.

Эскерте кетсек, 29-мартта Кыргызстан биринчи оюнда Макаону 1:0 эсебинде уткан. Ошондой эле, Индия Мьянманы 1:0 эсебинде жеңген болчу.

Бул оюндун жыйынтыгы менен Кыргызстан өзүнүн тобунда 3 упай менен 3-орунду, Индия 6 упай менен биринчи, ал эми Мьянма 3 упай менен 2-орунга чыкты.

Видео Футбол федерациясына таандык

Пикир

Оставить комментарий