• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ШИИБ: Суицидге барган өспүрүмдүн “Көк китке” тиешеси жок

Кырсык 0

Бишкек, 14-июнь /Кабар/. Бишкекте суицидге барган өспүрүм “Көк кит” оюнун ойногон эмес. Бул туурасында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Милиция кызматкерлери аныктагандай, 13-июнда саат 20:52 чамасында 15 жаштагы А. Б. 12-кичи районунда 9-кабаттан секирип кеткен.

Маалым болгондой, өспүрүм туугандарына өз өмүрүн кыюуга баратканын жазып, смс жиберген.

Ошондой эле, анын апасы акча иштеп тапканы Россияга кеткен, атасы жок болгон. Ал Сокулук районундагы таэжесиникинде жашап турган.

Шаардык милиция кызматкерлери “Социалдык тармактарда суицидге барган өспүрүм бала виртуалдык “Көк кит” оюнуна тиешеси бар деген маалыматтар чындыкка дал келбейт”- деп билдирди.

Тергөө тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий