• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Волейбол боюнча Кыргызстандын кубогу жыйынтыкталды

Спорт 0

Бишкек, 07.12.22. /Кабар/. Бүгүн, 7-декабрда волейбол боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында өтүп жаткан Кыргызстандын кубогу жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдешке жалпы 21 команда ( 16 эркектер, 5 кыз-келиндер) катышты.

Эркектер клубдук командалар арасында биринчи орунду “Бүркүт” командасы, “Кыргызстан” командасы экинчи жана “ВВ МВД” командасы үчүнчү орунду ээледи.

Ал эми кыз-келиндер арасында биринчи орунду “Дордой” командасы, экинчи “Салам-Алик” жана үчүнчү орунду “Улар” командасы камсыз кылды.

Мелдеш 2-декабрда башталып, Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өттү.

Пикир

Оставить комментарий