• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкектин Жылуулук электр борборунда авария болду, жабыркагандар бар

Кырсык 0

Бишкек, 06.09.19. /Кабар/. Бишкектин Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) авария болуп, эки кызматкер жабыркады. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине “Электр станциялары” ишканасынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн турбиналардын биринде убактылуу өчүрүлүү болду.

“Жеңил күйүк алган эки электр адиси ооруканага жаткырылды. Алардын абалы туруктуу, дарыгерлердин көзөмөлүндө болушууда. Ал эми турбина кайрадан калыбына келтирилип, ишке киргизилген”, - дешти ишканадан.

Авария эмне себептен келип чыккандыгы комиссиянын ишинен кийин билинет.

Пикир

Оставить комментарий