• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"Бишкекжашылчарба" ишканасы үрөн себүүнү баштады

Коом 0

Бишкек, 28.01.21. /Кабар/. "Бишкекжашылчарба" ишканасы үрөн себүүнү баштады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасында быйыл биринчи үрөн себилди.

"Ишкананын кызматкерлери тарабынан кызыл сальвия жана көк агератум деген эки түрдөгү 60 миңдей үрөн себилди. Көчөттөр кылдаттык менен өстүрүлүп, жаздын ортосунда борбор калаанын гүлзарларына отургузулат”, - деп кошумалашты муниципалитеттен.

Эске салсак, өткөн жылы борбор калаа 18 миллиондон ашык бир жылдык 18 түрдөгү гүлдөр менен кооздолгон.

Пикир

Оставить комментарий