• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бюллетендерди кутуга салып жатканы тартылган видео: БШК түшүндүрмө берди

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 04.10.20. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров шайлоо тилкесинин эки кызматкери шайлоо кутусуна бюллетендерди салып жатканы тартылган видео боюнча түшүндүрмө берди.

"Ал жерде автоматтык эсептөө кутуларын текшерүү болуп жаткан деп ишенимдүү түрдө айта алам. Тигил же бул партияга бюллетендерди салууга жол берилбейт деп ишенимдүү түрдө айта алам", - деди ал.

Учурда ал видео кайсы шайлоо тилкесинде тартылганы тактала элек.

Ал шайлоо башталгандан бери БШКнын ыкчам чара көрүү координациялык тобуна 48 арыз келип түшкөнүн айтып өттү.

Пикир

Оставить комментарий