• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Биздин ишкерлер германиялык ишканалар менен тыгыз кызматташууга кызыкдар – президент

Президент 0

Бишкек, 16.04.19. /Кабар/. Биздин ишкерлер германиялык ишканалар менен тыгыз кызматташууга кызыкдар, - деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков Германиянын Мюнхен шаарында «Кыргызстан жана Бавария: инвестициялык мүмкүнчүлүктөр» кыргыз-герман бизнес-форумунда сөз сүйлөп жатып.

Мамлекет башчысы бизнес өкүлдөрүнө кайрылып, экономиканын реалдуу кыймылдаткычы силер экениңерди биз жакшы түшүнөбүз деди.

"Тилекке каршы, Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы соода жүгүртүүнүн абалы жөнүндөгү маалыматтар мүмкүнчүлүктөрдүн толук пайдаланылбай жатканынан кабар берет. Акыркы үч жылда өсүү болгону менен 2018-жылы бул көрсөткүч болгону 80 млн долларды түзгөн. Ушул жерде биздин тарыхый байланышыбызды эскерип кетүү туура болчудай. 140 жыл мурда эле биздин ата-бабаларыбыз экономикалык кызматташтык боюнча кыйла ийгиликтерди жараткан. Алгачкы немис көчмөндөрү Кыргызстандын Талас шаарында жайгашып, чарба жүргүзүүнүн үлгүсүн көрсөтүшкөн", - деди мамлекет башчысы.

Немистердин жер иштетүү ыкмалары, немистердин тегирмендери жана нан бышыруучу жайлар кыргыз айылдарына гана эмес, Борбор Азиядагы бардык жашоочуларга үлгү болгон.

"XX кылымдын 90-жылдарына чейин Кыргызстанда 100 миңге жакын немис жашаган. Алардын көпчүлүгү азыр да Кыргызстанды жылуу эскеришет, биздин өлкө менен бекем байланыштары бар. Алар эки өлкөнүн ортосундагы достук көпүрөсү болушат. Бүгүн биздин ишкерлер чөйрөсүндө жаңы мамилелер пайда болуп, конкреттүү натыйжаларга жетишебиз деген үмүттөбүз", - деп кошумчалады Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий