• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Бизнес жүргүзүү» рейтинги өлкөбүздө ишкерлик үчүн шарттар жакшырганын белгиледи - Абылгазиев

Өкмөт 0

Бишкек, 15.11.18. /Кабар/. «Бизнес жүргүзүү» (Doing Business) эл аралык рейтинги Кыргыз Республикасында ишкерлик ишмердиги үчүн шарттардын жакшырганын белгиледи. Бул рейтинг боюнча Кыргызстан жети позицияга – 77-орундан 70-орунга көтөрүлдү. Анын ичинен 4 позиция боюнча жакшырды: «Төлөөгө жөндөмсүздүктү чечүү» (+37 позицияга); «Эл аралык соода» (+14 позицияга); «Миноритардык инвесторлорду коргоо» (+13 позицияга); «Контракттарды аткарууну камсыз кылуу» (+8 позицияга) көтөрүлдү. Бул тууралуу «Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоору каралган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, «Doing Business» боюнча рейтингде өлкө позициясынын жакшыруусу Өкмөттүн ишкерликке ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча ишмердигине бизнестин ишеними жогорулаганын көрсөтөт.

Ошондой эле Премьер-министр “Глобалдык атаандаштык” көрсөткүчү беш позицияга жогорулоо орун алгандыгын, бул индекс улуттук экономиканын атаандаштыкка карата жөндөмдүүлүгү арткандыгын билдире тургандыгын маалымдады.

Буга катар Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, үстүбүздөгү жылы “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча каралган сумма 5,9 млрд сомго жеткирилип, 150дөн ашык социалдык объекттерди бүткөрүүгө басым жасалды.

«Учурда 107 объект колдонууга берилди. Анын ичинде: 66 мектеп, 6 бала бакча, 6 спорт зал, 6 саламаттыкты сактоо, 3 маданият мекемелери жана башка объекттер бар», - деди Өкмөт башчы.

Премьер-министр Өкмөт социалдык-экономикалык өсүштү камсыз кылуу жана бюджеттик резервди жетишерлик деңгээлде сактап туруу боюнча болгон күчүн жумшай тургандыгын дагы бир ирет баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий