• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бизнестеги тоскоолдуктарды аныктоо долбоору ишке кирди

Өкмөт 0

Бишкек, 19-апрель /Кабар/. «Кыргыз Республикасында Бизнестеги тоскоолдуктарды аныктоо багытында «Жөнгө салуунун системалык анализи» долбоору ишке кирди», – деди КР Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Өкмөттүн 2016-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчетун Жогорку Кеңешиндеги «Республика-Ата Журт» фракциясынын кароосунда. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

«Жөнгө салуучу тутумдук талдоо” долбоорунун алкагында ишкердикти жөнгө салуучу 1068 ченемдик-укуктук актылар талдоого алынды. 2016-жылы 496 нормативдик документке жана 255 административдик процедурага сунуштар берилди. Бул сунуштардын баары мыйзамдардагы коллизияларды, кайталоолорду жана карама-каршылыктарды, коррупциялык схемаларды жок кылууга, ошондой эле айрым ченемдерди оптималдаштырууга багытталган. Бизнестеги башкы көйгөйлөрдүн бири финансы менен камсыз болушу эсептелет», – деди Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий