• 88.68
  • 95
  • 0.95

Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин отуруму өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 08.07.22./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акилбек Жапаров Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин кезектеги отурумун өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө жогорку окуу жайларын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясын реформалоо маселелери талкууланды.

Атап айтканда, өлкөнүн 5 жогорку окуу жайларына өзгөчө статус берүү маселеси каралды: Кыргыз улуттук университети, Кыргыз мамлекеттик техникалык Университети, Кыргыз Агрардык Академиясы, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы жана Ош мамлекеттик университети.

Ошондой эле алар КР Улуттук илимдер академиясынын илимий-изилдөө институттарын реформалоо жана алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, илимди каржылоону мыйзам тарабынан талап кылынган ички дүң өнүмдүн 1% га жеткирүү маселелерин талкуулашты.

Үч сааттык талкуудан кийин Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин мүчөлөрү жогорку билим берүүнү жана илимди реформалоо пландарынын концепцияларын жактырышты.

Пикир

Оставить комментарий