• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Замирбек Аскаров WETEX-2018 көргөзмөсүнө барды

Өкмөт 0

Бишкек, 27.10.18. /Кабар/. Бүткүл дүйнөлүк жашыл экономика саммитине катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров Дубай шаарындагы (Бириккен Араб Эмираттары) сууну иштетүү технологиялары, энергетикалык технологиялар жана айлана чөйрөнү коргоо боюнча WETEX-2018 көргөзмөсүнө барды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Замирбек Аскаров продуктулар жана тейлөө кызматтары, ошондой эле суу менен камсыздоо, энергетика жана айлана чөйрөнү коргоо тармактарындагы алдынкы ыкмалар менен таанышты.

Саммиттин алкагында вице-премьер-министр Дубай шаарынын Электр жана суу менен камсыздоо департаментинин башкаруучу директору Саид Мухамед Аль Тайэр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Жолугушуу учурунда тараптар Water Aid программасын ишке ашырууну талкуулашты, буга чейин анын алкагында Чүй жана Жалал-Абад облустарынын эки айылын ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча долбоорлор тандалган.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча вице-премьер-министр Замирбек Аскаров долбоорду ыкчам жүзөгө ашырууга жана ичүүчү суунун жеткиликтүүлүгүн камсыздоо тармагында келечектүү жемиштүү кызматташууга ишеним билдирди.

Көргөзмөсү WETEX-2018 Дубай шаарынын Электр жана суу менен камсыздоо департаменти тарабынан өткөрүлүүдө жана 1999-жылдан тарта жыл сайын уюштурулат. Белгилей кетсек, бул көргөзмө мамлекеттик жана жеке сектор үчүн келишимдерди түзүүнүн жана өнөктөштүк мамилелерди негиздөөнүн маанилүү платформасы болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий