• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүргүртүүгө каршы күрөшүү кызматы майыптыгы барларга жардам берди

Коом 0

Бишкек, 16.12.21. /Кабар/. Майыптыгы бар адамдардын эл аралык күнүнө карата “Биз биргебиз!” деген ураан менен жарыяланган бир айлыктын алкагында Ички иштер министрлигине караштуу Баңгизаттарды мыйзамсыз жүргүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Бишкектеги Балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоочу адистештирилген борборуна барышты.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан жыл сайын кайрымдуулук иш-чаралары өткөрүлүп турат.

Үстүбүздөгү жылдын 15-декабрында БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарындагы Балдарды жана үй-бүлөлөрдү реабилитациялоонун адистештирилген борборуна азык-түлүк жана чарбалык муктаждыктар боюнча жардам көрсөтүлдү.

Аталган борбордун өкүлдөрү кызматтын жетекчилигине ушундай маанилүү иш-чараны уюштургандыгы үчүн терең ыраазычылык билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий