• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Boeing-737 учагы кыйраган жерде тирүү жүргүнчүлөр табылган жок

Дүйнө 0

Бишкек, 30.10.18. /Кабар/. Индонезияда өзгөчө кырдаалдар агенттигинин өкүлү "Боинг-737" кулаган суунун тереңдиги 30-40 метрди түзөрүн билдирди.

Lion Air авикомпаниясына таандык учактын ири сыныктары деңизден табылганы тууралуу маалыматты биринчилерден болуп кырсык болгон жерде өтүп бараткан кемедегилер билдирген.

Жакартадан Индонезиянын Банка аралындагы Панкалпинанг шаарына жол тарткан лайнер учуп чыккандан болжол менен 13 мүнөт өткөндөн кийин радардан жоголгон. Учак Ява аралынын батыш жээктеринде деңизге кулаган. Анын бортунда 189 жүргүнчү жана экипаждын мүчөлөрү болгон.

"Lion Air" - Индонезиядагы эң чоң менчик авиакомпания. Анын карамагында 100дөн ашык учак бар жана өлкөнүн 126 шаарына, андан тышкары Сингапур, Вьетнам, Малайзия жана Сауд Арабиясына каттайт. Кыйраган учак 2018-жылдын август айынан бери ырааттуу түрдө уча баштаган. Boeing 737 MAX 8 модификациясы 2016-жылы пайдаланууга берилген жана фирманын тарыхында эң көп сатылган учактардан болуп калган.

Пикир

Оставить комментарий