• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Төрага баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы ЖККУ ПА кеңешинин отурумуна катышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 30.10.18. /Кабар/. Бүгүн, 30-октябрда Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы Москва шаарында өтүп жаткан Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблея кеңешинин (ЖККУ ПА) кезектеги отурумуна катышты.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, отурумду ЖККУ ПАнын Төрагасы, Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин ачты.

Жыйын алкагында ЖККУ ПАнын 11-пленардык отурумунун күн тартибинин долбоору, 2019-жылга карата Ассамблеянын иш планы жана аны каржылоо, 2016-2020-жылдарга карата ЖККУга мүчө мамлекеттердин улуттук мыйзамдарын шайкеш келтирүү боюнча ЖККУ ПАнын иш программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелери талкууланды.

Андан тышкары, 2018-жылы ЖККУ ПАдагы Казакстандын төрагалыгы астында аткарылуучу приоритеттүү багыттарды ишке ашыруу маселелери тууралуу маалымат угулду.

Отурумда Кыргыз Республикасы ЖККУга мүчө мамлекеттердин баары менен болгон өз ара кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө кызыкдар экендигин белгилеген Төрага Дастанбек Жумабеков уюм алкагындагы ар тараптуу байланыштарды бекемдөө боюнча Ассамблеядагы парламент төрагалары менен конструктивдүү иш алып барууга даяр экендигин кошумчалады.

“Биргелешкен аракет достукту өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө өбөлгө болот. Андан тышкары, тыгыз кызматташтык ЖККУ Парламенттик ассамблеясына мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара кызыкчылыкка шайкеш келген бардык багыттагы байланыштарды арттырат”, – деп билдирди Төрага.

Ошондой эле Ассамблея Кеңешинин отурумунда кезектеги көчмө жыйынды жана пленардык отурумду 2019-жылдын апрель айында Бишкекте өткөрүү чечими кабыл алынды. Муну менен катар 2019-жылы ЖККУ уставдык органдарындагы төрагалык Кыргыз Республикасына өтөөрү белгиленди.

Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеңештин делегациясынын курамында депутаттары З.Рысалиев менен И.Гайпкулов бар.

Пикир

Оставить комментарий