• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жогорку Кеңеш менен Олий Мажлистин ортосундагы кызматташуу планына кол коюлду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22.12.17 /Кабар/. Жогорку Кеңештин Төрагасы баштаган парламенттик делегациянын Өзбекстанга болгон расмий сапары 21-декабрда эки өлкөнүн парламенттик байланыштарын бекемдөөгө багытталган документке кол коюу менен жыйынтыкталды. Практикалык иш-аракеттердин планы келишимине ылайык, 2018-жылы Өзбекстан менен Кыргызстан парламенттери бир катар жолугушууларды өткөрөт. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

11 пункттан турган бул документте 2018-жылы Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрагасы Нигматилла Юлдашевдин расмий иш сапарын уюштуруу, Кыргызстан менен Өзбекстан парламенттеринин байланышын бекемдөө максатында, парламенттер аралык комиссия түзүү, тармактык комитеттер, депутаттык топтор жана аппарат деңгээлиндеги жолугууларды уюштуруу жана башка ушул сыяктуу иш-чараларды өткөрүү мерчемделген.

Документке Кыргызстан тараптан Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, Өзбекстан тараптан Олий Мажлистин Сенатынын Төрагасы Нигматилла Юлдашев кол койду.

Кыргыз парламентинин спикери Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегациянын эки күндүк расмий сапары Самарканд шаарында мурдагы президент Ислам Каримовдун күмбөзүнө гүл коюу менен башталып, Ташкентте жогорку деңгээлдеги жолугушуулар менен уланды. Кыргыз парламентинин өкүлдөрү Олий Мажлистин Сенаты жана Мыйзам чыгаруу палатасынын жетекчилери жана депутаттары менен көрүштү. Андан сырткары, Төрага Дастанбек Жумабеков Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиеев менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык мамилелерди арттыруу жаатында пикир алышты.

Расмий сапардын маданий бөлүгүндө Кыргызстан парламентинин делегациясы “Чыңгыз Айтматов жана Өзбекстан” деп аталган туруктуу экспозиция менен таанышып, Ташкенттин борборундагы “Көз карандысыздык жана гуманизм” монументин жана Хазрати Имам тарыхый-руханий комплексинде зыярат кылышты.

Пикир

Оставить комментарий