• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мексикада учак кулап, бардык адамдар тирүү калышты

Дүйнө 0

Бишкек, 22.12.17 /Кабар/. Бейшембиде мексиканын Кинтана-Роо штатында бортунда беш адам бар чакан учак кулаганын Cancun Noticias порталы билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча Cessna 207 бортунда Улуу Британиялык төрт турист жана учкуч болгон. Учак Плайи-дель-Карменден Чичен-Ица археологиялык аймагына багыт алып бара жатып кулаган.

Учактагы адамдардын баары тирүү, бирок түрдүү жаракаттарды алышкан.

Кырсык болгон жерде куткаруучулар жана өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатышат.

Пикир

Оставить комментарий