• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ИМ башчылары Мосул жана Раккадан кайда качышканы белгилүү болду

Дүйнө 0

Бишкек, 16-июнь /Кабар/. ИМ террордук тобунун көптөгөн башчылары эл аралык коалиция күчтөрү чабуул коюп жаткан сириялык Ракка жана ирактык Мосулдан сириялык Эль-Маядин шаарына качып кетишкенин Ассошиэйтед Пресс агенттиги АКШ жана Сирия булактарына таянып билдирет.

Агенттиктин маалыматы боюнча, террористтердин башчылары Эль-Маядинде Дейр-эз-Зор провинциясына жайгашышкан. Шаар Ирак менен чек арадагы Евфрат дарыясынын жээгинде жайгашкан.

Мосулда ИМге каршы операция АКШ баштаган коалициянын колдоосунда 2016-жылдын октябрынан бери уланууда.

Ракка 2013-жылдан бери ИМ көзөмөлүндө, шаар террорчулардын бейрасмий борбору катары эсептелет. 2016-жылы шаарды бошотуу операциясы башталган, бир нече айдан бери согуш аракеттери жүрүүдө.

Булагы: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий