Чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендештерге атайын статус берүү сунушталууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 28-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө", "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө", "Тышкы миграция жөнүндө", "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө", "Билим берүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө") өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору каралды.

Демилгечилер – депутаттары Мавлянова М.Э., Турсунбаев А.А., Тиллаев Т.Г., Зулпукаров Т.З., Алтынбеков А., Ормонов У.З.

Мыйзам долбоору мурда Кыргыз Республикасынын жарандыгында турган чет өлкөлүк жарандарга өзгөчө укуктарды, артыкчылыктарды берүүгө багытталган. Бул укуктар жана артыкчылыктар алардын Кыргызстандагы укуктук абалына, эмгектик укуктарына, мамлекеттик чек арадан өтүүсүнө, билим алуусуна жана дарылануусуна шарт түзөт.

Кыргыз Республикасынын мурдагы жарандарына белгиленген үлгүдөгү ырастама берилет. Бирок алар аны өздүгүн ырастоочу документ катары пайдалана албайт. Кызмат көрсөтүүлөрдү алууда, мамлекеттик чек арадан өтүүдө өздүгүн ырастоочу чет өлкөлүк документ менен кошо мурдагы жарандын ырастамасы көрсөтүлөт. Кыргыз Республикасынын мурдагы жаранынын статусу акы төлөөнүн негизинде таризделет жана берилет, акынын өлчөмүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

Ал эми мурдагы жарандын статусу Кыргызстанга чектеш мамлекеттердин жарандарына берилиши мүмкүн эмес.

Талкуу маалында депутат Мирлан Бакиров демилге жакшы экенин, бирок коопсуздук маселеси келиши чыгышы мүмкүндүгүн белгилеп, мурдагы жарандын статусун берүү критерийлерин жана механизмин так көрсөтүүгө чакырды.

Ал эми депутат Эльвира Сурабалдиева Россиянын жарандыгын алуу тартиби жеңилдетилгенин, андагы туруктуу жашоо мөөнөтү 3 жылдан 1 жылга чейин кыскартылганын мисал кылып, канча кыргызстандык мүмкүнчүлүктөн пайдалангандыгына кызыкты. "Сизде бул боюнча маалымат барбы? Тиешелүү анализ жүргүзүлдү беле?", - деп сурады депутат

Өкмөт өкүлү ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандарынын эмгек ишмердүүлүгүнө чектөө жоктугун белгилеп, ага ылайык мурдагы жылдарга салыштырмалуу Россия Федерациясынын жарандыгын алууга кызыккандар аз экендигине токтолду.

Ошондой эле депутат Данияр Төлөнов мурдагы жаран статусун алууну каалаган чет өлкөлүктөрдүн саны канча экенин сурап: "Бул маселе диаспоралар менен талкууланганбы?", - деди.

Өз кезегинде Өкмөт өкүлү бул боюнча анализ жүргүзүлбөгөндүгүн кошумчалады.

Мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий