• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Мутлу деген менмин”. Түркияда эркек киши куткаруучуларга кошулуп өзүн-өзү издеген

Дүйнө 0

Бишкек, 01.10.21. /Кабар/. Түркияда спирт ичимдигин ичип алган 50 жаштагы Бейхан Мутлу токойдо адашып кетип, аны издеген куткаруучуларга кошулуп өзүн издей баштаган. Бул тууралуу LADbible сайтына шилтеме берип Лента.ру басылмасы жазат.

Маалыматка ылайык, Мутлу достору менен эс алып жатканда ичип алып күтүүсүздөн токой аралап кетип калган. Санаалаштары аны таппай калганда полиция кызматына кайрылышкан. Алар өз учурунда куткаруучуларды издөө иштерине чакырышкан.

“Мутлунун жоголушу тууралуу кабар тез тарап, аны издөөгө ыктыярчылар жана жергиликтүү тургундар тартылышкан. Куткаруучулар токойду кыдырып издеп, Мутлунун атын кыйкырып баштаган. Бир маалда издөө иштерине бейтааныш адам кошулган. Кезектеги “Мутлу” деген кыйкырык чыкканда, бейтааныш адам: “Токтогулачы, дегеле биз кимди издеп жатабыз? Бейхан Мутлу деген менмин” деген”, - деп айтылат маалыматта.

Көрсө, жоголуп кетти делген адам өзүн-өзү издеп жаткан. Анын достору кубанып, ошол эле учурда таң калып калган.

Полиция кызматкерлери издөө иштери аяктаганы боюнча отчет толтуруп, Мутлуну үйүнө жеткирген.

Пикир

Оставить комментарий