• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Болгариянын президенти Садыр Жапаровду дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 21.05.22./Кабар/. Болгариянын президенти Румен Радев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду Болгария Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сз кызматынан билдиришти.

«Ушул салтанаттуу күнү мен кыргыз элине гүлдөп-өнүгүүнү жана элдерибиздин, мамлекеттерибиздин ортосундагы байланыштардын өз ара пайдалуу өнүгүшүн кааларымды билдирүүгө кубанычтамын.

Сизге чың ден соолук жана жогорку жоопкерчиликтүү ишмердүүлүгүңүздө ийгиликтерди каалап, менин эң жогорку урмат-сыйымды кабыл алыңыз”, - деп айтылат Румен Радевдун куттуктоосунда.

Пикир

Оставить комментарий