• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүрүп, жол маал-маалы менен жабылып турат

Коом 0

Бишкек, 30.09.21. /Кабар/. Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүрүп, жол маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, таш кулатуу иштери 4-октябрдан 8-октябрга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 131-чакырымында (Боом капчыгайы, темир жолдун 3901-чакырымы) жүргүзүлмөкчү.

Мындан улам жолдор саат 09:00дөн 15:00гө чейин КР ИИМ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жабылат.

"Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке боюнча багытталат. 30-40тан ашык унаанын топтолушу менен таштарды түшүрүү иштери токтоп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет", - деп айтылат маалыматта.

Ишкананын басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, мындай иш-чаралар аталган тилкеде таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий