• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Борбор Азиядагы эң ири гидроэлектростанциянын бири “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу башталды

Президент 0

Бишкек, 08.06.22. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-июнда, Жалал-Абад облусундагы Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун башталышына старт берди.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө чогулгандарды өлкө үчүн бүгүнкү кубанычтуу окуя менен куттуктап, бул долбоорду ишке ашыруу менен ата мекендик энергетиканы өнүктүрүүнүн негизги багыттарын белгиледи.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров Камбар-Ата-1 ГЭСинин өлкөнүн жана Борбордук Азиянын энергетика системасы үчүн маанисин баса белгилеп, бардыгын биргеликте иш алып барууга, өз салымын кошууга чакырды.

“Камбар-Ата ГЭС-1 куруу” долбоору Камбарата ГЭС каскадынын курамындагы эң ири энергетикалык объект болуп саналары белгиленет.

Ал бийиктиги 256 м аска таш менен төшөлгөн, чоподон жасалган өзөгү менен курулган тосмонун жана орнотуу кубаттуулугу 1860 МВттык, коп жылдык энергия иштеп чыгуусу 5,6 млрд кВт/саатты тузгон, сыйымдуулугу 5,4 млрд м³ суу сактагычы бар ГЭСти курууну камтыйт.

Камбар-Ата ГЭС-1ди куруунун жалпы сметалык баасы 2 миллиард 916 миллион 600 миң долларды түзөт. Курулуш алты этаптан турат.

Долбоор бюджеттик каражаттардын жана тартылган инвестициялардын эсебинен каржыланат.

Пикир

Оставить комментарий