• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

ТТМКнын мамлекет башчыларынын саммитинин жыйынтыгы боюнча Биргелешкен декларацияга кол коюлду

Президент 0

Чолпон-Ата, 03.09.18. /Кабар/. Бүгүн, 3-сентябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы Кеңешинин мамлекеттер башчыларынын Саммитинин жыйынынын жыйынтыктары боюнча Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын кеңешинин Алтынчы Саммитинин Биргелешкен декларациясына кол коюлду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Төмөндөгү документтерге кол коюлду:

1.Түрк кеңешинин башкы катчысын, башкы катчынын орун басарларын жана Түрк академиясынын Президентин дайындоо жөнүндө Чечим;

2.Түрк Кеңешинин Венгрияга байкоочу статусун берүү жөнүндө Чечим.

Төмөнкү документтер кабыл алынды:

1.Түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясынын Концепциясынын долбоору;

2.Спорттун улуттук түрлөрү жана жаштар жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Түрк кеңешинин мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсү;

3.Түрк Кеңешинин мамлекет башчыларынын Чыңгыз Айтматовдун 90-жылдыгына карата биргелешкен билдирүүсү.

Пикир

Оставить комментарий