• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Борбор Азия боюнча КРда энелердин өлүмү эң жогору

Ден соолук 0

Бишкек, 15-июнь /Кабар/. Кыргызстанда энелердин өлүмү Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасынан эң жогорку деңгээлде. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун “Аялдардын репродуктивдик укуктарынын сакталышы” атайын баяндамасында айтылат.

Маалыматка ылайык, аялдар кош бойлуулук, туура тамактануу, кош бойлуу учурда жана төрөттөн кийин өзүн алып жүрүү тууралуу начар маалымдалган.

Акыйкатчы институтунун маалыматы боюнча, акыркы жылдары Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарында кейиштүү окуялар көп болууда.

Республикадагы ЮНИСЕФ өкүлчүлүгү быйылкы жылдын мартында 2016-жылы энелердин өлүмү 13%га кыскарганын билдирген.

Адистер таасирдүү перинаталдык кам көрүү, ымыркайлардын реанимациясы боюнча мониторинг жүргүзүшкөн. Эксперттер командасы бөлүмдөрдүн инфратүзүмдөрүнүн жакшыруусун, дары-дармек менен камсыздоо, медицина кызматкерлеринин тажрыйбалык жөндөмдөрү, акушердик жардам көрсөтүүнү белгилешкен.

Пикир

Оставить комментарий