• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги митинг: Саламаттык сактоо мекемелерине 686 жабырлануучу кайрылган

Ден соолук 0

Бишкек, 06.10.20. /Кабар/. Саат 15:00гө карата Саламаттык сактоо мекемелерине борбор калаадагы митингден жабыркаган 686 жаран кайрылган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Жабыркагандардын ичинен 521и алгачкы медициналык жардам берилгенден кийин коё берилген. Ошондой эле ар кандай жаракат алган 164 жаран ооруканага жаткырылган, анын жетөө жандандыруу бөлүмүндө болууда.

Жараат алган 19 жаштагы жигит каза болду.

Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна 313 жаран жеткирилген. Алардын 75и ооруканага жаткырылса, үчөө жандандыруу бөлүмүндө.

Улуттук госпиталга 212 жабырлануучу кайрылган. Алардын ичинен 58и ооруканага жаткырылып, төртөө реанимацияга киргизилген жана бир жаран каза болгон.

Ал эми №1 шаардык клиникалык ооруканасына 30 жаран кайрылып, жетөө дарылануусун ооруканада улантууда.

Чүй облустук ооруканасына 113 жаран келип, 11и дарыланууда. Улуттук хирургиялык борборго 15 жабырлануучу түшкөн. Алардын 13ү ооруканага жаткырылган.

Пикир

Оставить комментарий