• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң кымбат бензин Кыргызстанда сатылат

Коом 0

Бишкек, 15.01.19 /Кабар/. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң кымбат бензин Кыргызстанда сатылат. Бул тууралуу америкалык Global Petrol Prices басылмасынын сайтында айтылат.

Дүйнөдө 1 литр бензиндин орточо баасы 1.09 долларды түздү.

Global Petrol Prices маалыматы боюнча, Кыргызстанда 1 литр бензин 0.65 доллар турат.

Ал эми Өзбекстанда ир литр күйүүчү май – 0.54 доллар турат, Казакстанда – 0.48 доллар, Түркмөнстанда – 0.43 доллар.

Тажикстандагы бензинди баасы тууралуу маалымат көрсөтүлгөн эмес.

Эң арзан бензин Венесуэлада, ал жакта күйүүчү майдын литри 1 цент. Андан кийин Судан, бул жакта бензин 0.13 центр турат, Иранда – 0.29 цент.

Баарын бензин Зимбабведе, ал жакта күйүүчү майдын бир литри – 3,31 доллар турат.

Пикир

Оставить комментарий