• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Борбор калаада мыйзамсыз курулуштар алынууда — мэрия

Коом 0

Бишкек, 26.10.21. /Кабар/. Бишкек шаардык мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы борбордогу мыйзамсыз объекттер менен күрөшүүнү улантууда.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, түшүндүрүү иштеринен кийин Дэн Сяопин проспектисинде жайгашкан контейнердин ээлери өз ыктыяры менен алып кетишти. Натыйжада 48 чарчы метр муниципалдык аймак бошотулду.

"12-кичирайонунда күркө демонтаждалды. Асанбай кичирайонунда “Оазис” жана “БЫЖЫ” женил типтеги объектилери, 10-кичирайонунун Саманчин көчөсүндөгү жөө жүргүнчүлөргө тоскоол болгон тосмо алынды", - деп белгилешти мэриядан.

Андан тышкары өз ыктыяры менен Маликов көчөсүндө №52 жана №54 үйлөрдүн капиталдык тосмолору алынды.Ошондой эле №51 үйдүн ээси тосмону жана темир дарбазаны өз каалоосу менен алып салды.

Бишкек мэриясы жарандардан жер пайдалануу жана курулуш эрежелерин бузбоону суранат.

Пикир

Оставить комментарий