• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Боронов: Адам өлүмүнүн санын кыскартуу үчүн бардык күч-аракеттер көрүлүүдө

Өкмөт 0

Бишкек, 14.07.20 /Кабар/. COVID-19 жана пневмониянын адам өлүмүнө алып келген учурларынын санын кыскартуу үчүн бардык күч-аракеттер көрүлүүдө. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында билдирди.

«Күн сайын жаңы күндүзгү стационарлар ачылууда, медициналык мекемелерде орундардын саны көбөйтүлүп жатат. Мындан тышкары бүгүн түнкү стационарлар ачылып жатат. Медициналык мекемелерде иштөө үчүн башка өлкөдө иштеген биздин мекендештерибиз - тажрыйбалуу дарыгерлер тартылууда. Бирок дагы эле COVID-19 жана пневмониядан каза болгондор көп болууда. Бул терс динамиканы оңдоо үчүн дагы кандай жардам керек?», - деди Кубатбек Боронов.

Өкмөт башчы жыйындын катышуучуларына негизги милдет - адамдардын өмүрүн сактап калуу экенин эске салды.

«Биздин негизги максат – дарыгерлерге көмөк сурап кайрылгандардын өмүрүн сактап калуу. Учурда оорусу күчөп кеткендер абдан көп, өзгөчө бул өпкөсү кагынган бейтаптарга тийиштүү. Күнү-түнү оору менен алпурушкан дарыгерлерге оордук келүүдө. Ошондуктан тажрыйбалуу врачтарды ар-бир оорулууга туура көңүл бөлүнүшү үчүн медициналык мекемелерге бөлүштүрүү керек. Эгерде бир ооруканада орун жок болсо, оорулууну бош орун болгон жерге багыттоо керек. Түзүлгөн кырдаалда бардык ооруканалардын жана стационарлардын координациясы жана өз-ара байланышы абдан маанилүү», - деп белгиледи премьер-министр.

Кубатбек Боронов белгилегендей, ал күн сайын бардык медициналык мекемелердин ишнин мониторинги боюнча маалыматты алып турат, анын жыйынтыгы боюнча коронавирус инфекциясына каршы күрөшкө тартылган ар бир жетекчинин ишине персоналдык баа берилет.

Пикир

Оставить комментарий