• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акылбек Жапаров өнүктүрүү фонддорун өлкө экономикасын өнүктүрүүгө багытталган долбоорду колдоого чакырды

Өкмөт 0

Бишкек, 05.04.24./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жетекчилиги алдында мамлекеттик органдардын, өнүктүрүү фонддордун, мамлекеттик банктардын, бизнес-ассоциациялардын жана эл аралык уюмдардын катышуусунда министрлер кабинетине караштуу Инвестициялык кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү.

Отурумда Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фондунун маалыматына ылайык, 2022-2023-жылдар аралыгында фонд 17 ири долбоорду ишке ашырганын, анын арты менен 2,5 миңден ашуун адам жумуш менен камсыз болгону жана 2024-жылга карата долбоорлордун санын дагы жогорулатууну пландоодо.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду болсо үстүбүздөгү жылы 32 инвестициялык долбоорду ишке ашыраарын билдирди. Бул багытта, Кыргыз-венгер өнүктүрүү фонду ишмердүүлүгүн активдештирип жатканын, өзгөчө энергетика тармагына басым жасоодо.

Ошондой эле, “Айыл банк”, “РСК банк” жана Мамлекеттик өнүктүрүү банкы акыркы жылдардагы аткарган иштери менен 2024-жылга карата пландарына учкай токтолду.

Акылбек Жапаров өнүктүрүү фонддорду, мамлекеттик банктарды Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө багытталган долбоорду активдүү колдоого чакырды.

“Өнүктүрүү фонддору менен мамлекеттик банктардын жетекчилери сиздер мамлекетке жаңы инвестиция тартууга, жаңы стандарттарды киргизүүгө милдеттүүсүздөр. Ар бириңиздер ар башка тармактагы долбоорлор менен иш алып баруудасыздар, бирок ошол эле учурда бир тармактын маселесин толук чечүүгө болот. Ал үчүн баарыңыздар биригип кайсыл тармак аксап жатса, маселен тоок этин этин өндүрүүдөгү долбоорлор каржыланса, бул тармакта маселе жаралбай калат, импорттун көлөмү азаят”, - деди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле, өлкө аймактарынын экономикасын көтөрүү максатындагы ар бир жарандын долбоорун угуу үчүн Инвестициялык кеңеш өздөрүнүн отурумдарын республиканын бардык аймактарында өткөрүүнү пландоодо.

Пикир

Оставить комментарий