• 88.68
  • 95
  • 0.95

ИИМ жана Жеке маалыматтарды коргоо агенттиги ведомстволор аралык жумушчу топ түздү. Максаты

Коом 0

Бишкек, 05.04.24. /Кабар/. Ички иштер министрлиги жана министрлер кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиги жеке маалыматтарды коргоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түздү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул демилге ИИМ менен аталган мамлекеттик агенттиктин ортосунда активдүү кызматташууну гана көздөбөстөн, бир катар конкреттүү милдеттерди ишке ашырууну да камтыйт:

  • Жеке маалыматтарды коргоо жана кибер коопсуздук чөйрөсүнүн абалына мониторинг жана талдоо жүргүзүү;
  • Жеке маалыматтарды коргоо жана кибер коопсуздук жаатындагы окуяларга ыкчам жооп кайтаруу;
  • Жеке маалыматтарды иштеп чыгуу жаатындагы укук бузууларды жана киберчабуулдарды биргелешип иликтөө;
  • Бул чөйрөдө тартип бузуулардын алдын алуу боюнча биргелешкен иш-чараларды уюштуруу.

Жумушчу тобун түзүү санариптик чөйрөдөгү коркунучтар жана тобокелдиктер менен натыйжалуу күрөшүүгө мүмкүндүк берет, ошондой эле жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылууда коомдун мамлекеттик органдарга болгон ишеним деңгээлин жогорулатат.

Ведомстволордун жетекчилери биргелешкен аракеттер маалыматтык мейкиндиктин коопсуздугун жакшыртууга жана жарандардын укуктарын коргоого алып келет деп ишенишет.

Пикир

Оставить комментарий