• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Боронов: Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагын колдоо аймактарды өнүктүрүүнүн негизин түзөт

Өкмөт 0

Бишкек, 11.09.20. /Кабар/. Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү тармагын колдоо аймактарды өнүктүрүүнүн негизин түзөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы сүттү кайра иштетүүчү «Чаткал Эко Сүт» ишканасынын иши менен таанышкан учурда билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Ишкана коронавирус инфекциясы пандемиясынын кесепетинен экономикалык жигердүүлүк солгундагандан бери аймакта ишке киргизилген алгачкы өндүрүш. «Чаткал Эко Сүт» 2020-жылдын 1-августунда ишке берилген. Учурда бышырылган сүт, быштак, каймак, кефир, сыр, йогурт чыгарылат. Ишкананын суткасына 3 тонна сүттү кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүгү бар.

Өкмөт башчы сүттү кайра иштетүүчү ишкананын ачылышы аймактын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө шарт түзөрүн белгиледи.

«Кыргыз Республикасынын Президентинин аймактарды өнүктүрүү жана ата мекендик өндүрүштү колдоо боюнча саясатына ылайык, «Ишкердик субъектилерди каржылоо», «Айыл чарбасын каржылоо – 8» сындуу программалар иштеп жатат. Бул долбоорлор боюнча чакан жана орто ишкерликке жеңилдиктер каралган. Өкмөт кайра иштетүү тармагына чоң көнүл бурууда», - деп белгиледи Кубатбек Боронов.

Учурда «Чаткал Эко Сүт» ишканасы Чаткал районунун жергиликтүү тургундарынан сүт азыктарын сатып алууда. Ал эми даяр продукция аймактагы кен казган фирмаларга жана жергиликтүү тургундарга сатылууда.

Премьер-министр ишкана жетекчилиги менен өндүрүштү жолго салууда келип чыккан маселелер, кубаттуулугун кеңейтүү жана продукцияны экспортко чыгаруу маселерин талкуулады.

Өкмөт башчы жергиликтүү бийликке жана тиешелүү мамлекеттик органдарга өндүрүшкө максималдуу түрдө колдоо көрсөтүү, кайра иштетүү тармагына ыңгайлашуусуна шарт түзүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий