• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Боронов Баткендеги чектеш айылдардын чатак учурунда жабыркаган жарандарынан кабар алды

Өкмөт 0

Бишкек, 01.06.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Баткен облусунун Кадамжай районундагы чектеш айылдардын чатак учурунда жабыркаган жарандарынан кабар алды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Учурда алар Айдаркен шаарынын ооруканасында дарыланып жатышат.

Кубатбек Бороновго жарандардын саламаттыгы жана дарылануулары тууралуу айтып беришти.

Биринчи вице-премьер-министр жабыркаган жарандардын тийиштүү дарылануусун жана аларды зарыл болгон дары-дармек менен камсыздоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий