• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Боронов: Электрондук башкаруу – мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу жолу

Өкмөт 0

Бишкек, 20.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов мамлекеттик органдардын жетекчилери үчүн уюштурулган «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз-ара аракеттешүү системасы аркылуу электрондук башкаруу» темасындагы семинарга катышты.

Кубатбек Боронов семинарга өз орун басарларын жөнөтүп, келбей койгон министрлик жана ведомстволордун айрым жетекчилерин сынга алды. Ал мамлекеттик органдын ар-бир жетекчиси коюлган милдеттенмелердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартаарын эскертти.

«Бул отурумдун максаты мамлекеттик органдардын жетекчилерине электрондук башкаруунун, электрондук кол тамганын жана «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз-ара аракеттешүү системасынын негизги маңызын түшүндүрүү үчүн өткөрүлүп жатат. Электрондук башкаруу – бул мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу жана ачык-айкын жолу. Аны ишке киргизүү менен биз бийликтин жаратылышын өзгөртө алабыз, аны коомчулуктун көзөмөлгө алуусун жана ачыктыгын камсыздай алабыз. Мунун өзү мамлекеттик процесстерди оптималдаштырууга, көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жакшыртууга жана адамдык жөндөмдүүлүктү жогорлатууга көмөк көрсөтөт. Ошону менен катар жалпы улуттук маалыматтык мейкиндикти чындоо үчүн маалыматтык ресурстарды, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын кызматтарын бириктирүүгө алып келет», - деп белгиледи биринчи вице-премьер-министр.

Кубатбек Боронов өлкө Президенти Сооронбай Жээнбековдун Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жыйынындагы «биз санариптик технологияларды киргизүү боюнча Борбор Азия аймагында алдыңкы катарда турушубуз керек» деп билдирген сөзүнө басым жасады.

«Биз «Түндүк» бирдиктүү тутуму аркылуу мамлекеттик органдарды санариптик түрдө интеграциялоого тийишпиз. Буга байланыштуу мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ведомстволор аралык электрондук өз-ара аракеттешүү тутумунун маанилүү мүчөлөрү болуп саналат. Ошону менен бирге ар бир мамлекеттик орган жетекчисининин электрондук башкарууну ишке ашырууга түздөн-түз активдүү көмөктөшүүсү «Түндүк» долбоорун ыкчам ишке киргизүүнү шарттайт, ал электрондук башкаруунун пайдубалы жана башкы куралы болуп саналат», - деди ал.

Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, бул семинардын жыйынтыгы боюнча «Түндүк» тутумун ишке киргизүү аркылуу ар бир мамлекеттик органда электрондук башкарууга өтүүнү ишке ашыруу механизмдерин аныктоо кажет.

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу «Электрондук башкаруу борбору» мамлекеттик ишканасынын директору Нурия Кутнаева билдиргендей, «Түндүк» ведомстволор аралык өз-ара аракеттешүү тутумуна мамлекеттик органдар гана эмес, юридикалык жактар дагы кошула алышат.

«Биз жарандардын жашоосун жеңилдетүүнү, мисалы, тигил, же бул мамлекеттик органга адамдарды жибербестен, бардык зарыл маалымдамаларды бир жерден алуулары үчүн коммерциялык уюмдарды мамлекеттик маалымат базасына кошууну каалайбыз», - деди ал.

Мындан тышкары, Нурия Кутнаева баса белгилегендей, «Түндүк» тутуму кызматтарды көрсөтүү үчүн гана эмес, мамлекеттик органдардын иш-милдеттерин тартиптештирүү үчүн дагы керек.

Пикир

Оставить комментарий