• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

БШК Бабановдун арызын кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 3-июль /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Парламенттик «Республика - Ата Журт» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Борбордук шайлоо комиссиясына президенттикке талапкер катары арызын берди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бабанов президенттикке өзүн өзү көрсөткөн талапкер катары БШКга 1-июлда арыз берген.

Аталган мекеменин берген акыркы маалыматына ылайык, учурда президент болом деген талапкерлердин саны 12ге жетти.

БШКга арыз менен кайрылгандар:

- «Чистые патриоты Кыргызстана» партиясынын лидери Назаркул Нышанов,

- “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев,

- “Аурдин” ЖЧК директору Арстанбек Абдылдаев (“Кыш болбойт” фразасынын автору),

- “Маро” фирмасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн Ассоциациясынын төрагасы Бакыт Дегенбаев,

- “Коомдук анализ институту” КУ директору Рита Карасартова,

- “Маро” (Латвия) латвиялык фирмасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Сайнидин Султанидинов,

- Борбор Азия эл аралык университетинин проректору Камила Шаршекеева

- Экс-премьер-министр Темир Сариев

- Мурдагы акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу

- БУУнун Афганистандагы саясий миссиясынын мурдагы директору Таалатбек Масадыков

- “Өнүгүү Прогресс” саясий партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев

- “Республика- Ата-Журт” саясий партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов

Ошондой эле, БШК шайлоо алдындагы үгүттөөгө катышууну көздөгөн 61 массалык маалымат каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациядан өткөргөн.

Пикир

Оставить комментарий