• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакбаев ЭКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин 25-жыйынынын ишине катышты

Саясат 0

Бишкек, 28.11.21. /Кабар/. 2021-жылдын 27-ноябрында Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн Экономикалык Кызматташтык Уюмуна (ЭКУ) мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлерлеринин кеңешинин (ТИМК) 25-жыйынына Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев катышты. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө ЭКУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери артыкчылыктуу багыттар боюнча ркгионалдык кызматташтыкты активдештирүү, ЭКУнун алкагында өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана ЭКУга мүчө бардык мүчө өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын эске алуу менен Уюмдун ишмердүүлүгүн талкуулашты.

Министр Казакбаев өз сөзүндө катышуучулардын көңүлүн ЭКУга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы жашыл экономика, соода жана инвестиция, транспорттук логистика, энергетика, саламаттык сактоо, туризм, экология жана климат тармагында кызматташтыкты чыңдоого бурду.

Муну менен катар, ЭКУнун министрлер кеңешинин жүрүшүндө министр Р. Казакбаев Кыргызстандын ЭКУ алкагында кабыл алынган «ЭКУнунөнүгүү көз карашы-2025» Кыргыз Республикасынын концептуалдык документин практикалык ишке ашырууга салым кошууга маанилүүлүгүн жана даярдыгын баса белгилеп:

  • Дүйнөлүк коомчулуктун глобалдык күн тартибиндеги жашыл экономиканы өнүктүрүүнүн өзгөчө маанилүүлүгүн баса белгиледи;

• ЭКУнун Тышкы иштер министрлерин ЭКУнун Катчылыгына ЭКУга мүчө-мамлекеттердин ортосундагы сооданын өсүшүн камсыз кылуунун негизги фактору катары электрондук коммерцияны/э-коммерцияны өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн эске алып ЭКУ Кеңсесине төмөнкү маселелер боюнча тапшырма берүүнү чакырды - транспорттук-логистикалык компонентке көңүл бурууну, ошондой эле пандемиядан алынган сабак катары жана санариптик технологияларды өнүктүрүү дүйнөлүк тенденцияга айланганын эске алуу менен ЭКУ алкагында электрондук коммерциянын өсүшүн камсыз кылуу максатында ЭКУ өлкөлөрүнүн почта операторлорунун ортосундагы кызматташтыкты активдештирүүнү кароого чакырды;

• ЭКУнун Катчылыгына ЭКУнун мүчө өлкөлөр үчүн практикалык пайда алууга багытталган конкреттүү, ишке ашырыла турган жана натыйжалуу чараларды камтыган, келечектүү, аймактык уюм катары ЭКУнун колдонула элек дараметин көрсөтүү менен жакынкы жылдарга Жол картасын даярдоого көңүл бурууну сунуштады.

Министрлер кеңешинин жыйынынын алкагында мүчө өлкөлөрдүн жана бүтүндөй аймактын туруктуу экономикалык өнүгүүсүнө жетишүү максатында ЭКУга мүчө-мамлекеттер тарабынан иштелип чыккан «Ашхабаддык аракеттердин консенсусу» бекитилди.

Мындан тышкары, тараптар ЭКУнун ишмердүүлүгүн жакшыртууну жактап, ошондой эле ЭКУнун каржылык жана кадрдык маселелерин жана ЭКУнун Башкы катчысынын отчетун карашты.

ЭКУга мүчө өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрлеринин 25-жыйыныны Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередовдун төрагалыгы астында өттү.

Маалымат катары: ЭКУ 1985-жылы түзүлгөн жана регионалдык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун укуктук мураскери болуп саналат. ЭКУ 1977-жылдын мартында уюштуруучу үч өлкө - Иран Ислам Республикасы, Пакистан Ислам Республикасы жана Түркия Республикасы тарабынан кол коюлган Уставдын - Измир келишиминин негизинде иш алып барат.

1992-жылга чейин ЭКУнун алкагында кызматташуу негизинен эки тараптуу мүнөздө болгон. 1992-жылдан тартып 7 жаңы мамлекеттердин – Афганистан, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын кошулушу менен Уюмдун ишмердүүлүгү бир кыйла активдешкен. ЭКУнун расмий тили англис тили болуп саналат.

ЭКУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйыны ЭКУнун түзүлүү күнүндө – 2021-жылдын 28-ноябрында Ашхабад шаарында өткөрүлүшү пландалган ЭКУ мамлекет башчыларынын 15-саммитинин алдында өттү.

Пикир

Оставить комментарий