• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

БШК: Саясий партиялардын шайлоо фонддоруна 147,5 млн сом түштү

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.11.21. /Кабар/. Саясий партиялардын шайлоо фонддоруна 147 млн 5о9 миң 628 сом акча каражаты түшкөн. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышкан, бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн түзүлгөн шайлоо фонддорунун каражаттары жөнүндө маалымат берди.

Мыйзам ченемдерине ылайык саясий партиялардын шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:

  • 1 млн 500 миң сомдон ашуусу мүмкүн болбогон талапкердин өз каражаттарынан;
  • 100 млн сомдон ашуусу мүмкүн болбогон, саясий партиянын өз каражаттарынан;
  • 200 миң сомдон ашуусу мүмкүн болбогон, жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнөн;
  • 3 млн сомдон ашуусу мүмкүн болбогон, юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнөн.

Мында талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын шайлоо фондунун келип түшкөн жана чыгымдалган акча каражаттарынын чектелген суммасы 300 млн сомдон ашуусу мүмкүн эмес.

Белгиленгендей, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 41-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык тыюу салынбаган адамдар жана уюмдар шайлоо фонддорун түзүшү мүмкүн.

Парламенттик шайлоого 21 саясий партия катышууда.

Белгилей кетсек, «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу банк мекемелеринен алынган маалыматка ылайык 2021-жылдын 10-ноябрына карата саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерине жалпы суммасы 147 509 628 сом акча каражаттары түшкөн. Шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланыштуу чыгымдарды саясий партиялардын шайлоо фонддорунын каражаттарынан жабууга 124 453 617 сом сарпталган.

Пикир

Оставить комментарий