• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

БШК: Таласта жана Токмокто жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка талапкерлер үчүн тренинг өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 25.02.21. /Кабар/. КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүнү жана ишенимдүү, ачык шайлоолорду камсыз кылуу максатында, жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде талапкерлер үчүн тренингдер сериясын баштады. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалымакта ылайык, алгачкы тренингдер Талас жана Токмок шаарларындагы шаардык кеңештерде болуп өттү. Катышуучулар жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго катышуунун мыйзамдуу негиздери жана 448 жергиликтүү кеңештерде өтө турган учурдагы шайлоонун өзгөчөлүктөрү менен таанышты.

Мындан тышкары талапкерлерди көрсөтүүнүн жана каттоонун жоболору, шайлоо кампаниясын каржылоонун жоболору, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун түзүү жөнүндө маалыматтар берилди. Шайлоо алдындагы үгүт иштерин өткөрүүнүн эрежелерине, шайлоонун талаш-тартыштарына, аларды кароонун жана чечүүнүн тартибине жана КР мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик тартууга өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле КР БШК өкүлдөрү Борбордук шайлоо комиссиясынын “Электрондук талапкер”, тизмелерди актуалдаштыруу, добуш берүүгө катышуучулардын жана добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча маалыматтардын чагылдырылуусу боюнча маалыматтык ресурстар тууралуу кенен айтып беришти.

КР БШКсы тарабынан мындай тренингдер шайлоолорду уюштуруучулар менен талапкерлердин, саясий партиялардын ортосундагы кеңири диалогдор үчүн уюштурулган жана шайлоолор уюштурула турган бардык шаардык кеңештерде өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, шайлоо процессинин чечүүчү маселелери боюнча окутуулар Кыргыз Республикасындагы ПРООН менен өнөктөштүктүн алкагында уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий